Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2026-жылдын 29-январы № 1
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы 1 жылдык отчёту ички жана сырткы инвестициялардын тартылышы жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2025-жылдагы 1 жылдык отчётун угуп жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тажибаевдин айыл өкмөттөгү аткарган жумуштарын карап жана угуп, айыл өкмөт башчысынын 1 жылдык отчёту депутаттардын протоколдук тапшырмасын эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ички жана сырткы инвестициялардын тартылышын жана жаңы жумуш орундары 2026-жылга карата айыл өкмөттүн стратегиялык планын жакшы жолго коюу жагы, көмүр кендерден айыл өкмөткө берилген социалдык пакеттеги көмүрлөрдү көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы К. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция, социалдык коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |