Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2026-жылдын 29-январы № 2
“Папан айыл өкмөтүнүн2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө”
2026-жылга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү маселесин айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын корутундусунун негизинде жана Папан айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн билдирүүсүн угуп, талкуулап Папан айылдыккеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тажибаевдин отчетун угуп, 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешелер 52765,2 миң сомгочыгашалары 70646,5 миң сомго аткарылгандыгы кабыл алынсын.
2. 2026-жылга карата Папан айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 42985,0 миң сомго бекитилсин.
3. Анын ичинен Аппарат бөлүмүнө - 16977,5 миң сом, Айылдык кеңеш -730,0 миң сом, Айыл чарбасына - 250,0 миң сом, Жайыт комитетине -700,0 миң сом, Турак жай бөлүмүнө - 16597,5 миң сом, Библотекага - 619,1 миң сом, Маданият үйүнө 1063,9 миң сом, Маданий иш чараларга 916,6 миң сом, Бала бакчага 810,0 миң сом, Билим берүүгө 2900,4 миң сом, Социалдык камсыздоого - 1420,0 миң сом
4. Атайын каражатынын кирешелер жана чыгашалары 3510,0 миң сомго бекитилсин.
5. Аппарат кызматкерлеринин жалпы – 16 штаттык бирдиги каралсын: анын ичинен башкаруу аппараты – 12, техникалык тейлөө кызматкери - 4 кызматтагы штат бирдиги жана контракттык негизде 10 айыл башчы, 6 кызматкер бекитилсин каржылоо жүргүзүлсүн.
6. Кара-Гур, Кожокелен айылдарынын айыл башчыларына бийик тоолуу аймакка киргендигине байланыштуу эмгек акысына 1,4 коэфициент төлөнсүн (КР Өкмөтүнүн 22 май 2024 жылдагы №258 токтому)
7. 2026-жыл ичинде сметага жана толуктоолорду киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |