Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2026-жылдын 29-январы №3
Бел-Алма көмүр кенинен социалдык жардам катары берилген көмүрдү максаттуу пайдалануу жөнүндө
Папан айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясында Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Бел-Алма көмүр кенинен социалдык жардам катары берилген 1000 (бир миң) тонна көмүрдү максаттуу пайдалануу маселесин карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алма көмүр кенинен социалдык жардам катары келген 1000 (бир миң) тонна көмүрдүн 500 (беш жүз) тоннасын Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана айыл өкмөтүнүн административдик имаратына 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата бөлүп берүү белгиленсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер үчүн көмүр сатып алуу токтотулсун, камсыздоо толугу менен социалдык жардам катары келген көмүрдүн эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Калган 500 (беш жүз) тонна көмүр Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы турмуш шарты оор, ошондой эле I жана II топтогу майыптуулугу бар жарандарга социалдык колдоо иретинде бөлүнүп берилсин..
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |