Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2026-жылдын 29-январы № 4
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Папан айыл аймагынын ардактуу aтуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун карап чыгып, талкуулап, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Папан айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы Арал айылынын тургуну Шанаев Марат Шанаевичке ыйгарылсын.
2. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Папан айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы Камыр-Суу айылынын тургуну Сулайманов Жоомарт Маматовичке ыйгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду аткаруу жагы Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |