Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2026-жылдын 29-январы №5
Папан айыл аймагынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн жер аянттарына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, ошондой эле Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушуна ылайык, айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу максатында төмөнкү айылдардагы жер аянттарына
– Чычкан-Кол участкасындагы 364–365-контурлардагы 0,30 га;
– Жар-Башы участкасындагы 194–195-контурлардагы 0,50 га;
– Ак-Терек участкасындагы 634-контурдагы 0,40 га;
– Кызыл-Туу участкасындагы 539-контурдагы 0,50 га жана 0,30 га;
– Бөрү участкасындагы 135–138-контурлардагы 0,50 га;
– Кожо-Келен участкасындагы 0,30 га жер аянттарына таза суу объектилерин куруу жана эксплуатациялоо максатында ”Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан ”Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери” котегориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү ушул токтомдун негизинде тиешелүү мыйзам актыларына ылайык документтерди тариздөөнү камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |