Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 25-ноябры № 9/83
Үлүш жерлерин бекитип берүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагынын жарандарынын кайрылууларынын себебинен, жер үлүшүн алуу тизмесинде катталып, бирок чынында жерлери жок болгондуктан, айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер тилкелеринен, үлүш жер ээлерине берүү боюнча талкуулап, Кунтуу айыл өкмөтү боюнча жер үлүшүн алууга жарандардын тизмесин бекитүү жөнүндө 1997-жылдын 15-апрелиндеги Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын №316 токтомунун негизинде Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жер үлүшүн алуу тизмесинде катталып, бирок чынында үлүш жерлери жок болгондуктан, айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер тилкелеринен, №316 токтом менен бекитилген тизмедеги жарандарга гана үлүш жер берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Дооткуловго тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү М.Б. Суюналиевге жүктөлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы Ж.Ж. Султанбеков