Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2026-жылдын 29-январы №6
Папан Муниципалдык ишканасынын, жайыт боюнча 2026-жылга карата иш планын, аткарыла турган иштерин, ички эрежелерин жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Папан Муниципалдык ишканасынын жайыттар боюнча иш кагаздарын карап чыгып, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл өкмөтүнүн, ЖПКБ нин 2025-жылда аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. 2026-жылга карата бюджеттин сметасы,иш планы жана ички эрежелери бекитилсин.(тиркемелерге ылайык)
3. Муниципалдык ишкананын жайыттар боюнча жылдык планы 700,0 (жети жүз миң) сом болуп бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
4. Муниципалдык ишкананын жайыттар боюнча төлөмүнүн өлчөмү
төмөндөгүдөй бекитилсин:
4.1 Бодо мал жана жылкыга. Бир айга 40 (кырк) сом. Сезонго 200 (эки жүз) сом болуп белгиленсин.
4.2 Майда жандык (кой эчкилерге): Бир айга 8 (сегиз) сом. Сезонго 40 (кырк) сом белгиленсин. Башка айыл өкмөтүнөн келген мал жандыкка эки барабар төлөм төлөнсүн.
4.2 Жайытты мал жаюу менен байланышпаган, башка максаттарга пайдаланууга: 1 га (бир гектар) жайыт жери үчүн жылына 2000 (эки миң) сом болуп бекитилсин.
4.4 Жайытты мал жаюуга байланышпаган, башка максаттарга коммерциялык багытта пайдаланууга (мисалы: Туризм жана башка багыттарга): 1 га жайыт жери үчүн жылына 20000 (жыйырма миң) сом белгиленсин. Башка айыл аймактын жашоочуларына, жайытты башка максаттарга пайдалануу үчүн төлөмдөр эки барабар ашыкча төлөө милдеттендиририлсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын, Муниципалдык ишкананын жетекчиси Р.Т.Матазимовго жүктөлсүн.
6. Көзөмөлдөө жагын Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тажибаевке милдеттендирилсин.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |
Бекитилди:
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 29.01. 2026-жылдагы
№VI токтому менен.
Төрага: М.Мырзабеков
“Папан” муниципалдык ишкананын, жайыттар боюнча 2026-жылдын бютжетинин сметасы.
Пайдаланганы 1988 га.
Жакынкы жана ортоңку жайытка чыккан мал 1500 ШМБ.
Киреше бөлүгү Сумма миң сом |
1.Мал жаюдан: 300.0 |
2.Башка максаттарга пайдалануудан: 400.0 |
|
Жалпы киреше: 700.0 |
|
Чыгаша бөлүгү: |
1.Айлык жетекчи: 12 айга x 10000с = 120.0 |
2.Айлык жайыт адиси: 12 айга x 26000с = 312.0 |
3.Соц фонд: 432000 x 17.25% = 74.52 |
5.Транспорт чыгымдары: ГСМ. 60.0 |
6.Инфраструктура чыгымдары: 133.48 |
Жалпы чыгаша: 700.0 |
Папан муниципалдык ишкананын жетекчиси: Р.Т.Матазимов
Бекитилди: Макулдашылды:
Папан айылдык кеңешинин Папан айыл аймагынын 29.01.2026-жылдагы айыл өкмөтүнүн
№VI токтому менен. Төрага: М.Мырзабеков. Башчысы: К.Тажибаев.
Папан муниципалдык ишканасынын(мындан ары Папан МИ) 2026-жылга карата ИШ ПЛАНЫ
№ | АТКАРЫЛУУЧУ ИШТЕРДИН МАЗМУНУ | АТКАРУУ МӨӨНӨТҮ | КИМДЕР АТКАРАТ |
“Папан” муниципалдык ишкансынын Иш планын түзүү шттык бирдикти бекитүү мунициапалдык ишкананын ишин жакшыртуу үчүн киреше булактарын иштеп чыгуу | Январь | Айыл өкмөтү менен | |
Жакынкы жайыттар боюнча,жайыт пайдалануучулардын тизмесин тактоо,мал жаюу графигин иштеп чыгуу. | Март,Апрель | Жайыт адиси менен. | |
Ортоңку жана ички жайыттарга баруучу жолдорду ондоо | жыл ичи | жайыт адиси менен. | |
Мыйзамсыз жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзамда каралган тартип менен айып пул салуу | Май,Июль | жайыт адиси юрист менен | |
Жайыт акысын иштеп чыгуу жана аны айылдык кеңеште бекиттирүү. | Январь | Айыл өкмөтү менен | |
Үрөөн себилген кунарсыз жайыттарга мониторинг жүргүзүү,мүмкүнчүлүк болсо тосуу же болбосо кароол дайындоо. | Февраль | Жайыт адиси менен | |
Тазалык боюнча төлөмдүү абонеттерден өндүрүү. | Февраль | Айыл башчылар менен | |
Жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт билеттерин иштеп чыгуу жана келишимдерди түзүү. | Апрель,Май | Жайыт адиси менен | |
Айыл аймагында алыскы жайыт дээрлик жок болгондугуна байланыштуу,Ош жана Ноокат токой чарба кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. | Апрель | Жайыт адиси менен | |
Ветеринардык кызматкер менен биргеликте,шлагбаум орнотуп малдын санын жана ветеринардык абалын текшерүү | Апрель,Май | Вет врач жана жайыт адиси | |
Фокстук топторду түзүү жана анын натыйжаларында жайыттарды жакшыртууга болгон муктаждыктарды аныктоо жана аны ишке ашыруу. | Апрель,Май | Айыл башчылар жана жайыт адиси | |
Жакынкы жайыттардагы малдарды алыскы жайыттарга жана токой чарбанын жайыттарына жайгаштыруу. | Май,Июнь | жайыт адиси менен | |
Жайыттарды туура пайдаланганы боюнча көзөмөл жүргүзүү,туура эмес пайдаланган болсо тиешелүү чараларды көрүү. | Жыл ичинде | Орган кызматкерлери менен | |
Турмуш тиричилик кадыктарын төгүү боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана уруксат берилбеген жерлерге таштанды төккөн жарандарга “Бузуулар кодекси”мыйзамына ылайык айып пул салуу иштерин жүргүзүү | жыл ичинде | Юрист,тазалык адистери менен. | |
Деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү жана дем алдыруу. | жыл ичинде | Жайыт адиси менен | |
Кызыл-Туу-Арал,Алчалуу-ЖарБашы каналдарын тазалоо. | Март,Апрель. | Айыл өкмөтү менен | |
Төлөбөгөн тазалык абонентерине тийиштүү чараларды көрүү. | Янврь-Декабрь. | Айыл өкмөтүнүн юристти менен | |
Жайытка баруучу жолдорду,жаан-чачын, селден кийин калыбына келтирүү. | Апрель-Cентябрь. | Жайыт адиси менен | |
“Папан ”муниципалдык ишканасынын жалпы кызматкерлери менен жыл жыйынтыгын чыгаруу, 2027-жылга жасалуучу иштер боюнча кеңешме жыйын өткөрүү | Декабрь | Муниципалдык ишкана |