Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 25-декабры № 9/84
Максаттуу трансферттер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №1087-т токтомуна ылайык, жергиликтүү бюджеттердин түшпөй калган кирешелеринин ордун толтурууга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетине максаттуу трансферттер түрүндө айыл чарба багытындагы жер салыгынын 1988,5 миң сом жана транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча 1953,0 миң сом акча каражаты, баардыгы 3941,5 миң сом акча каражаты бөлүнгөндүгү тууралуу Күнтуу айыл өкмөтүнүн эсепчиси А. Раимбекованын маалыматын угуп, 2025-жылдын 16-декабрындагы бюджеттик бюджеттик комиссиясынын Протоколунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келип түшө турган, айыл чарба багытындагы жер салыгынын 1988,5 миң сом жана транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча 1953,0 миң сом, баардыгы 3941,5 миң сом акча каражаты төмөнкү бөлүмдөргө жана беренелерге бөлүштүрүлсүн:
Бөлүм: 70629 берене 2214+300,0 миң сом (күйүүчү май)
берене 2222+104,7 миң сом ( травесы)
берене 3111+2691,0 миң сом ( Шалта,Исмайыл айылдарына трансформатор, Шалта айылына СИП кабель)
Бөлүм: 70823 берене 3111 +274,6 миң сом ( Маловодное маданият үйүнө дем берүүчү грант боюнча кошумча келишим)
Бөлүм: 70921 берене 3112 +571,2 миң сом ( С.Абдылдаева мектебине от казан)
Баардыгы: +3941,5 миң сом
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Суюналиевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык
кенештин төрагасы Ж.Ж. Султанбеков