Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2026-жылдын 29-январы №8
Мыйзамдуулукту сактоо, укук жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле Мыйзамдуулукту сактоо, укук жана этика, коопсуздук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Абдикалиев Абсатардын өз каалоосу боюнча берген арызын карап чыгып, сессиянын күн тартибиндеги маселени талкуулоонун жыйынтыгы боюнча, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Мыйзамдуулукту сактоо, укук жана этика, коопсуздук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Абдикалиев Абсатардын арызы канааттандырылсын.
2 Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту сактоо, укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы болуп Агзамова Айчүрөк Рысбаевна шайлансын.
3 Тиешелүү өзгөртүүлөр Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына киргизилсин.
4 Токтомдун аткарылышын контролдоо Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |