Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-ноябры № 79
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын IV кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын IV кварталындагы бюджетине киреше салыгынан 1200,0 миң сом, мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин ижара акысынан 3400,0 миң сом, жалпысы 4600,0 миң сом киреше ашыкча чегерилери жөнүндөгү ФЭБ башчы З. Осмоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын IV кварталындагы бюджетине киреше салыгынан 1200,0 миң сом, мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин ижара акысынан 3400,0 миң сом, жалпысынан 4600,0 миң сом ашыкча киреше чегерилгендиктен, чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгүдөй беренелерине бөлүнсүн:
ЖКХ бөлүмүнө 3111 беренесине 4000,0 миң сом
ЖКХ бөлүмүнө 3112 беренесине 600,0 миң сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |