Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-ноябры № 80
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айында аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айында аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери боюнча Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айында аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө, 2030-жылга чейин бекитилген стратегиялык өнүктүрүү пландын иш жүзүнө ашырылышы боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |