Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-ноябры № 81
Красный-Маяк айылынын тургуну Уметов Нурланбек Токторбаевичтин көрктөндүрүү үчүн жер тилкесин сурап жазган арызы жөнүндө
Красный-Маяк айылынын тургуну Уметов Нурланбек Токторбаевичтин көрктөндүрүү үчүн жер тилкесин сурап жазган арызын карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын Красный-Маяк айылындагы айыл мүрзөсүнүн жанындагы № 813 контурунда жайгашкан айыл чарба багытында турбаган, 0.66 га жер тилкесин көрктөндүрүүгө Уметов Нурланбек Токторбаевичке берүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш кагаздарды дарядоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |