Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН II КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 5-марты № 2/6
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорлорду колдоого макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагынын Калинин айылындагы таза суу резервуарына кошумча суу тартып келүүгө долбоордук сметасынын жалпы баасы 2 209 100 (эки миллон эки жүз тогуз миң бир жүз) сом.
1.1 Долбоордун технадзор кызмат акысына жана архитектуралык сметалык документине өздүк салым үчүн 88400 (сексен сегиз миң төрт жуз) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кирпич завод калктуу конушуна таза суу резервуарына материал алууга долбоордук сметасынын жалпы баасы 2 570 000 ( эки миллион беш жүз жетимиш миң) сом.
2.1 Долбоордун технадзор кызмат акысына жана архитектуралык сметалык документине өздүк салым үчүн 102 800 (бир жүз эки миң сегиз жүз) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Кара-Суу айылындагы А.Көлбаев атындагы парктагы Улуу Ата Мекендик Согуш ардагерлеринин катышуучуларынын тизмесин капиталдык ремонттоого долбоордук сметасынын жалпы баасы 7 000 000 (жети миллион) сом.
3.1 Долбоордун технадзор кызмат акысына жана архитектуралык сметалык документине өздүк салым үчүн 140 000 (бир жүз кырк миң сом) акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышы жана тиешелуүү иш кагаздары менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Жакыпакун уулу К. |