Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТҮҮ I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 17-февралы № 1/3
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ мыйзам негизинде, айылдык кеңештин ишин системалуу жүргүзүү максатында депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айылдык кеңешинин 2026-жылга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Иш планында каралган маселелерди ѳз убагында даярдоо жана сессияга киргизүү туруктуу комиссиялардын тѳрагаларына жана айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |
“Бекитем”
Ала-Буга айылдык кеңешинин
төрагасы: К.Бактыбай уулу
“___”___________________2026-жыл
№___ сессиясынын №___ токтому
менен бекитилди
Ала-Буга айылдык кеңешинин 2026-жылга түзүлгөн жылдык
ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Ким аткарат | Отчет берет |
1-квартал
1. | -2026-жылга иш планды бекитүү боюнча бюджет, финансы-экономикалык маселелер, инвестиция жана гранттарды тартуу боюнча туруктуу комиссиясын жыйыны. -Айылдык кеңештин 2026-жылга иш-планын бекитүүгѳ катышуу жана бюджет комиссиянын иш планын жылдык планга кийирүү. -Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө башка туруктуу комиссиялар менен жыйын ѳткѳрүү, айыл ѳкмѳттүн жылдык отчетун кароого даярдык. Бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматты угуу жана туруктуу комиссиянын чечимин чыгаруу. Отчетту кабыл алуу. -Коомдук жана бюджеттик угууларды ѳткѳрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу. |
Январь
Февраль |
Туруктуу комиссиянын тѳрагасы Кенештин катчысы
Туруктуу бюджеттик комиссиянян мүчѳлѳрү.
Кеңештин катчысы
Айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы |
Г. Самибаева |
2. | - Ала-Буга айыл аймагындагы айылдардын жалпы абалы,социалдык экономикалык ѳнүгүүсү,калкты социалдык жактан коргоо программалары менен таанышуу,2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ѳкмѳттүн мекеме жетекчилердин отчётун угуу. Аймактагы баардык социалдык мекемелер менен жеринен таанышуу. СЭӨПкө социалдык маселелерди сунуштап киргизүү жана жетиштирип каражаттардан бөлүп берүү. Ар бир айылдагы соц адис соц педогогдор жана айылдык ден соолук комиттетери менен тыгыз мамиледе иштешип мектептеги өспүрүмдөр арасындагы жана айыл элиндеги зордук зомбулуктар жана башка маселелер менен чогуу иш алып баруу.2026-жылга карата ар бир айылдарыбыздагы баардык мекемелерибиздин социялдык обьектилеринин муктаждыктардагы сунуш пикирлеринин эске алып сессияда карап өтө орчундууларга акча каражатын бөлдүрүүгө көмөк көрсөтүү. Ай сайын социалдык маселелерге тиешелүү маданий иш чараларга катышуу.
|
Январь
Февраль
Март |
Социалдык туруктуу комиссиянын мүчѳлѳрү
|
А.Тѳрѳкожоева |
3. | -Ала-Буга айыл аймагындагы ФПСтин арендасы бүткөн жерлерине аукцион ѳткѳрүү боюнча кѳзѳмѳл жүргүзүү -Ала-Буга айыл аймагындагы кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн баасын бекитүү, аткарылышына көзөмѳл жүргүзүү. -Ала-Буга айыл аймагындагы малчылардын кѳчүп конуусун,талаачылык айдап себүү иштерине кѳзѳмѳл жүргүзүү. -Мал доктурлар менен жугуштуу ооруларга каршы алдын ала эмдөө жүрүзүлгөндүгүнө көзөмөлдөө. | Январь
Февраль
Март | Агрардык туруктуу комиссиясы
| Ж.Мамытов |
4. | -Мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдын жана ченемдик укуктук актылардын негизинде ѳткѳрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ала-Буга айыл ѳкмѳтү тарабынан аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ. -Регламенттин негизинде иш алып баруу. зарыл болгон учурда кезексиз жана онлайн сессияларды уюштуруу. | дайыма |
| К.Итикулов |
5. | Ар кандай маселелер арыз даттануулар | Март | Жооптуу катчы | Тиешелүүлүгүнө жараша |
2-квартал
1. | -Коомдук жана бюджеттик угууларды ѳткѳрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу.
-Айыл ѳкмѳттүн социалдык-экономикалык ѳнүгүү программасына ѳзгѳртүүлѳрдү жана кошумчаларды кийирүү. - Бюджеттин киреше болугунун аткарылышын талдоо.
| Жылына 1-2 жолудан кем эмес Март-апрель Квартал сайын
|
Туруктуу комиссиянын мүчѳлѳрү Кенештин катчысы Айыл ѳкмѳттүн башчысы. ФЭБ башчысы
| Г. Самибаева |
2. | - Ала-Буга айыл аймагындагы 2025-жылдагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган социалдык обьектилердин иштери менен таанышуу. АӨ соц адиси менен биргеликте жыл башында пландалган иш чараларды ишке ашыруу жана аймактагы ар бир айылда коомчулук менен жолугушууларды өткөрүү жана жалпы айылдарыбыздын жазга каратта көчөлөрүүбүздөрдүн айлана тегеректерибизди тазалалап арыктарыбызды казып бак дарактарын отургузуп ирээтешкенге көмөк көрсөтүү жагы А.Ө айыл башчылар айыл ичиндеги жолдорду оңдоо, көчө жарыктарындуусун жакшыртуу, таза суу, таштандыларды чыгаруу системасын жөнгө салуу жагын баардык айылдардагы айыл башчылары менен биргеликте иш алып баруу жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин . Баардык айылыбыздагы көчө кварталдар жана айылдык ден соолук комиттетери менен чогуу иштешүү. Билим берүү жана мектеп жашына чейинки билим берүү, мекемелери менен жыл жыйынтыктоо иш чараларын өткөрүп жетишкен жана көйгөйлөрдү анализдеп тиешелүү жактарга сунуштоо. Ай сайын социалдык маселелерге тиешелүү маданий иш чараларга катышуу. |
Апрель
Май
Июнь |
Социалдык туруктуу комиссиянын мүчѳлѳрү
|
А.Тѳрѳкожоева |
3. | -Ала-Буга айыл аймагындагы жайыттардын чек араларын аныктоо жана жайыт жолдорун оңдоого кѳзѳмѳл жүргүзүү, ишембилик иштерине катышуу. -Ала-Буга айыл аймагындагы чѳп чабык, оруп жыйноо, сугат иштерин жана Арпа жайлоосуна кѳчүп конуу иштерине кѳзѳмѳл жүргүзүү. -Ала-Буга айыл аймагындагы мал камактарды уюштуруу,эгин чабык оруп жыйноолорго кѳзѳмѳл жүргүзүү. | апрель май июнь | Агрардык туруктуу комиссиясы | Ж.Мамытов |
4. | -Депутаттардын мандатын жана этикасын кароо.. -Жарандардан келип тушкен арыздардын мыйзамдуулугун карап берүү. | дайыма | Мыйзамдуулук укук тартибин сактоо этика жана мандат комиссиясы | К.Итикулов |
5. | Ар кандай маселелер арыз даттануулар. | май | Жооптуу катчы | Төрага |