Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТҮҮ I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 17-февралы № 1/5
Эл депутаттарынын Коңорчок айылдык кеңешинин президиумунун 27-декабрь 1991-жылдагы №35 токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Коңорчок айылдык кеңешинин президиумунун 27-декабрь 1991-жылдагы №35 токтомуна жер үлүштѳрдү бѳлүп берүү боюнча жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивдик №01-76/109/3 кѳчүрмѳсүндѳ кѳрсѳтүлгѳн №1459 №1460 катар номериндеги фамилияларынын ѳзүнүн атынын аталышы боюнча
1.1966-жылы туулган Балтаев Сагынычбек Мамбетказиевич - Балтаев Сагынбек деп
2.1972-жылы туулган Абдыласова Венера Абдысеитовна-1971-жылы туулган Абдыласова В деп
аттары толук жазылбай туура эмес кѳрсѳтүлгѳн, атасынын аты,ѳзүнүн атына деген сѳздѳргѳ жана туулган жылына толуктоо киргизилип толукталсын.
2.Коңорчок айылдык кеңешинин президиумунун 1991-жыл 27-декабрь айындагы №35 токтому менен түзүлгѳн дыйкан чарба мүчѳлѳрүнүн атасынын атынын жана ѳзүнүн атынын аталышына ѳзгѳртүү толуктоо киргизилип толукталсын.
3.Токтомдун аткаруу ѳзгѳртүү киргизүү жагын Ала-Буга айылдык кеңешинин катчысы Р.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |