Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТҮҮ I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 17-февралы № 1/6
Эл депутаттарынын Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин 14-июнь 1993-жылдагы №10 буйругуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эл депутаттарынын Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин 14-июнь 1993-жылдагы №10 буйругуна жана турак жай үчүн жер участогун сурап жазган арызында Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивинин 20.05.2025-жылдагы №01-76/451/1-сандуу кѳчүрмѳсүндѳ кѳрсѳтүлгѳн,атасынын атынын аталышы боюнча:1972-жылы туулган Султанов Абдыкалык Атыканович – Султанов Абдыкадыр деп толук жазылбай туура эмес кѳрсѳтүлгѳн, атасынын аты, ѳзүнүн атына деген сѳздѳргѳ толуктоо киргизүү иреетинде.Фамилиясы:боюнча Султанов Абдыкалык Атыканович деген сѳздѳр менен атасынын атынын аталышына ѳзгѳртүү киргизилип толукталсын.
2.Токтомдун аткаруу ѳзгѳртүү киргизүү жагын Ала-Буга айылдык кеңешинин катчысы Р.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |