Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ
27.02.2026 №8
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын Ак-Суу РИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнө жаңы имарат салуу үчүн жер участогун берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушун жана жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын Ак-Суу РИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнө жаңы имарат (пост) салуу үчүн Ак-Суу айылынын Кыдыр Аке көчөсүнөн 913,0 чарчы метр жер участогу акысыз жана мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов