Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-ноябры № 85
Ана-Кызыл айылында Ош-Бишкек жолунун боюндагы муниципалдык менчикте турган жер тилкесинен 0,15 га жерди мечитке берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ана-Кызыл айылында Ош-Бишкек жолунун боюндагы муниципалдык менчикте турган жер тилкесинен 0,15 га жерди мечитке берүүгө Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн адиси Д. Сулаймановдун билдирүүсүн карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ана-Кызыл айылында Ош-Бишкек жолунун боюндагы 0,30 га муниципалдык менчикте турган жер тилкесинин ичинен 0,15 га жер тилкесин мечитке берүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |