Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-ноябры № 86
Макаренко айылындагы Ж. Макидинов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Макаренко айылындагы Ж. Макидинов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З. Осмоновдун 2025-жылдын 10–ноябрындагы №1395 сандуу билдирүүсүн карап, финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы корутундусуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Макаренко айылындагы Ж. Макидинов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинен капиталдык оңдоо 3111-беренесинен өздүк салым үчүн 478527,0 (төрт жүз жетимиш сегиз миң беш жүз жыйырма жети) сом бөлүнүп берилсин.
2. Макаренко айылындагы Ж. Макидинов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбоорун иш жүзүнө ашыруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |