Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-ноябры № 88
Прогресс айылындагы Т. Каримов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Прогресс айылындагы Т. Каримов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З. Осмоновдун 2025-жылдын 10–ноябрындагы №1395 сандуу билдирүүсүн карап, финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы корутундусуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Прогресс айылындагы Т. Каримов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинен капиталдык оңдоо 3111-беренесинен өздүк салым үчүн 2000000,0 (эки миллион) сом бөлүнүп берилсин.
2. Прогресс айылындагы Т. Каримов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбоорун иш жүзүнө ашыруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |