Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-ноябры № 90
Прогресс айылындагы № 5 ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Прогресс айылындагы № 5 ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З. Осмоновдун 2025-жылдын 10–ноябрындагы №1395 сандуу билдирүүсүн карап, финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы корутундусуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Прогресс айылындагы № 5 ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинен капиталдык оңдоо 3111-беренесинен өздүк салым үчүн 729 429 (жети жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз жыйырма тогуз) сом бөлүнүп берилсин.
2. Прогресс айылындагы № 5 ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбоорун иш жүзүнө ашыруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |