Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 92
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдан калган калдыгына, 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын I-кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, ФЭБ башчы З. Осмоновдун баяндамасын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын I-кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Бюджеттик бөлүгүнө:
ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесине 100,0 миң сом;
ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесине 10,0 миң сом;
ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине 3047,0 миң сом;
ЖКХ бөлүмүнүн 3112 беренесине 500,0 миң сом;
ЖКХ бөлүмүнүн 2222 беренесине 240,0 миң сом;
Билим берүү бөлүмүнүн 2222 беренесине 160,0 миң сом;
Жалпысы: 4057,0 миң сом.
Атайын каражаттар бөлүгүнө:
Бала бакча бөлүмүнүн 2222 беренесие 422,6 миң сом;
Жалпысы: 422,6 миң сом.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы ФЭБнүн башчысы З. Осмоновго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага |
| М. Тажибаев |