Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 93
Сулайманов Асатилла Арапбаевичтин жеке менчик үй куруу үчүн алган тилкесинин аймагынан 200 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сулайманов Асатилла Арапбаевичтин үй куруу үчүн алган 800 м2 жер тилкесинин аймагынан (жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 896055, 2020-жылдын 29-январында түзүлгөн, идентификациялык коду 5-06-17-1001-0916) пайдалануу багытын элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө жазган арызы боюнча Төрт-Көл айылдык кеңеши 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 67 токтому менен 200 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын дүкөн куруп элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берген. 2025-жылдын 25-декабрында экинчи ирет арыз менен кайрылып дагы менен 200 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын (автоунаа токтоочу жай үчүн) элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселесин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сулайманов Асатилла Арапбаевичтин Шоро-Башат айылындагы А. Аскаров көчөсүндөгү үй куруу үчүн алган 800 м2 жер тилкесинин аймагынан (жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 896055, 2020-жылдын 29-январында түзүлгөн, идентификациялык коду 5-06-17-1001-0916) 200 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын (автоунаа токтоочу жай үчүн) элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш кагаздарды даярдап берүү жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |