Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2026-жылдын 27-февралы № 96
Эргешов Талантбек Нуркамиловичтин жеке менчик үйүнүн аймагынан пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Макаренко айылынын тургуну Эргешов Талантбек Нуркамиловичтин жеке менчик үйүнүн 1976,9 м2 жер тилкесинин (жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 836370, идентификациялык коду 5-06-06-1004-0238) аймагынан 800 м2 жеринин пайдалануу багытын өндүрүш багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүүнү сурап жазган арызы боюнча айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эргешов Талантбек Нуркамиловичтин жеке менчик үйүнүн 1976,9 м2 жер тилкесинин (жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 836370, идентификациялык коду 5-06-06-1004-0238) аймагынан 800 м2 жеринин пайдалануу багытын өндүрүш багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш кагаздарды даярдап берүү жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |