Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2026-жылдын 27-февралы № 98
Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди белгилөө жөнүндө
“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39- беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Төрт-Көл айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга төмөнкү тарифтер бекитилсин:
- калктуу конуштардагы катуу тиричилик таштандыларды таштып чыгарууга бир айга, бир кожолукка 200 (эки жүз) сом;
2. Бекитилген тарифтер 2026-жылдын 1-мартынан баштап “Жылалды” МИ тарабынан колдонууга киргизилсин.
3. Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 35 Төрт-Көл айыл аймагынын “Жылалды” муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза сууга жана калктуу конуштардагы катуу таштандыларды ташып чыгарууга тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |