Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2026-жылдын 27-февралы № 100
Жайыттарды пайдалануу үчүн акыны орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39 - беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Төрт-Көл айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Калктын колундагы мал жандыктарды жайытка баккандыгы үчүн бир сезонго төмөнкү тарифтер бекитилсин:
- ири мүйүздүү кара мал үчүн 150 (бир жүз элүү) сом;
- жылкы үчүн 150 (бир жүз элүү) сом;
- кой, эчки үчүн 30 (отуз) сом.
2. Бекитилген тарифтер 2026-жылдан баштап “Жылалды” МИ тарабынан колдонууга киргизилсин.
3. Калктын мал жандыктарын баккан чабан, малчы, жылкычылар алыскы жайытка жыл сайын 25-апрелге чейин жакынкы жайыттан кетип, 10-сентябрдан кийин жакынкы жайытка келишсин.
4. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |