Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 5-марты № 86
1. Кыргыз Республикасы менен Конго Демократиялык Республикасынын ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин мамлекеттик тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасы менен Конго Демократиялык Республикасынын ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы менен Конго Демократиялык Республикасы,
эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүү ниетинде,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын жана эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн урматтоо, көз карандысыздыкты жана эл аралык келишимдерди сактоо, ошондой эле мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алып,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен тийиштүү деңгээлде ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз жана англис тилдеринде эки нускадагы ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери тең бирдей күчкө ээ. Каршы пикирлер жаралган учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
________________ шаарында 2026-жылдын "___" _________________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Конго Демократиялык Республикасы үчүн |
__________________________________ |
| __________________________________ |