Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2026-жылдын 27-февралы № 101
Кара-Жыгач-2 каналынын 3 км аралыгын Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын 2026-жылдын 30-январындагы № 01-3/12 катына ылайык Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун сунушун жана туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын балансында турган Кара-Жыгыач – 2 каналынын 2 бөлүгүнүн 3 км аралыгын Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө аталган каналдын 3 км аралыгын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарга ылайык Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |