ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 7 (кезектүү) сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 13
Малдын шарттуу бирдигине бааларды бекитүү, малды өз алдынча жаюуга жол берген адамдарга, ошондой эле жайыт жерине зыян келтиргендерге айыптарды бекитүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бухгалтер-кассири Аскарбек кызы Нуркыздын “малдын шарттуу бирдигине бааларды бекитүү, малды өз алдынча жаюуга жол берген адамдарга, ошондой эле жайыт жерине зыян келтиргендерге айыптарды бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдын шарттуу бирдигине баалар бекитилсин:
Мүйүздүү бодо малдын 1 башына - 85 сом;
Мүйүздүү бодо малдын (торпок) 1 башына - 60 сом
Жылкынын 1 башына - 85 сом
Мүйүздүү майда малдын 1 башына - 20сом;
2. Малды өз алдынча жаюуга жол берген адамдарга, ошондой эле жайыт жерине зыян келтиргендерге айыптарды бекитилсин
Мүйүздүү бодо малдын 1 башына - 200 сом;
Мүйүздүү майда малдын 1 башына - 50сом;
Жылкынын 1 башына - 300 сом
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Анарбек у. Эдилге жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |