ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 7 (кезектүү) сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 6
Гавриловка айыл өкмөтүнүн акы төлөнүүчү кызматтарынын тизмесин бекитүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн ФЭО бөлүм башчысы Ж.Б.Карымшакова 2021-жылдын Гавриловка айыл аймагындагы мүрзөлөрүнө акы төлөнүүчү кызматтын жаңы тарифин карап чыгуу жана бекитүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагынын Гавриловка жана Романовка айылдардагы мүрзөлөрдө сөөгүн коюу үчүн жер бөлүп берүү үчүн төлөнүүчү кызматтарынын тизмеси бекитилсин:
· Жергиликтүү тургундар -1000 (бир миң) сом;
· Шопоков шаарынын тургундары -1000 (бир миң) сом;
· Сокулук районунун тургундары -10000 (он миң) сом;
· Башка райондордун тургундары-20000 (жыйырма миң) сом.
· Гавриловка жана Романовка айылдардын, Шопоков шаарынын тургундары каттоосу жок 10-жыл жашап айылдык кеңешинин депутатынан жана жашаган дарегинен кошуналардын АКТысы болсо -1000 (бир миң) сом;
· Эмгек ардагери, афган, ЧАЭС, Баткен катышуучулары, 7-апрель элдик революциясынын баатырларынын үй-бүлөлөрүнө жана социалдык паспорту бар жакыр үй-бүлөлөргө, ымыркай балдарга – бекер.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Становко жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |