Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы №1
Мамлекеттик финансалык холдинг ААК нын балансасындагы Урук тазалоочу машинаны жана 82,54 сотых (каттоо №4-03-10-1001-2271) 6,23 сотых (каттоо №4-03-10-1001-3348 жер аянттарын имараты менен Чаек айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жөнүндө.
Мамлекеттик финансалык холдинг ААК нын балансасындагы Урук тазалоочу машинаны жана 82,54 сотых (каттоо №4-03-10-1001-2271) 6,23 сотых (каттоо №4-03-10-1001-3348 жер аянттарын имараты менен Чаек айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жөнүндө, “Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-марты №37 Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-статьясынын 4-пунктунун негизинде жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесинин 2-пунктуна ылайык угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Мамлекеттик финансалык холдинг ААК нын балансасындагы Урук тазалоочу машинаны Чаек айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. 82,54 сотых (каттоо №4-03-10-1001-2271) жана 6,23 сотых (каттоо №4-03-10-1001-3348 жер аянттарын имараты менен Чаек айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин..
Төрага | А. Муталиев |