Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы № 2
Жумгал райондук салык кызматынын имараты жөнүндө
Чаек айылынын Т.Мураталиев №68/22 дарегинде жайгашкан Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөн бирдейлештирилген коду 4-03-10-1001-3314, 5143 (беш миң бир жүз кырк үч) чарчы метр жер тилкесинен бөлүп Жумгал райондук салык кызматынын имаратын куруу үчүн 3000 (үч миң) чарчы метр жер аянтына жана калган 2143 (эки миң бир жүз кырк үч) чарчы метр жер аянтына башка курулуш курууга, жер аянты калктуу конушта жайгашып бирок пайдалануу максаты өндүрүш болгондуктан багытын курулуш куруу максатына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин»18-беренесин жетекчиликке алып, угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Чаек айылынын Т.Мураталиев №68/22 дарегинде жайгашкан Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөн бирдейлештирилген коду 4-03-10-1001-3314, 5143 (беш миң бир жүз кырк үч) чарчы метр жер тилкесинен бөлүп Жумгал райондук салык кызматынын имаратын куруу үчүн 3000 (үч миң) чарчы метр жер аянтына жана калган 2143 (эки миң бир жүз кырк үч) чарчы метр жер аянтына башка курулуш курууга, жер аянты калктуу конушта жайгашып бирок пайдалануу максаты өндүрүш болгондуктан багытын курулуш куруу максатына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |