Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-февралы №14/4
Сквер жана балдар ойноочу аянт уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Кочкор айылынын И.Өмүров жана С.Орозбаков көчөлөрүнүн кесилишине сквер дааратканасы менен уюштурууга, Исакеев жана Орозбаков көчөлөрүнүн кесилишине балдар ойноочу аянт уюштурууга макулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын И.Өмүров жана С.Орозбаков көчөлөрүнүн кесилишине сквер дааратканасы менен уюштурууга макулдук берилсин.
2. Кочкор айылынын Б.Исакеев жана С.Орозбаков көчөлөрүнүн кесилишине балдар ойноочу аянт уюштурууга макулдук берилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жана аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |