Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-февралы №14/5
Автогрейдер техникасын сатып алуу долбоорун бекитүү жана акча каражат бөлүү жөнүндө
“Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен автогрейдер сатып алуу боюнча даярдалган долбоорду бекитүү жана долбоорго өздүк салым катары айыл аймактын бюджетинен акча каражат бөлүү тууралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен бир даана Автогрейдер техникасын сатып алуу үчүн даярдалган, жалпы наркы 7 000 000 (жети миллион) сомду түзгɵн долбоор бекитилсин.
2. “Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен бир даана Автогрейдер техникасын сатып алуу үчүн даярдалган, жалпы наркы 7 000 000 (жети миллион) сомду түзгɵн долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 400 000 (бир миллион төрт жүз мин ) сом бөлүнсүн.
3. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |