ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 6 (кезексиз) сессиясы
2021-жылдын 27 декабры № 42
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин аукциондун арымынын жана баштапкы ижара акысынын өлчөмүндөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү жобонун негизинде, жана Гавриловка айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Д.Касымбековдун “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин аукциондун арымынын жана баштапкы ижара акысынын өлчөмүндөрүн бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аукциондун арымынын өлчөмүн бекитилсин:
· Сугат жер 700 сом;
· Кайрак жер 300 сом;
· Чөп чабуу 100 сом;
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин баштапкы ижара акысынын өлчөмү бекитилсин:
· Сугат жер 5000 сом – 1 гектарга
· Кайрак жер 2000 сом – 1 гектарга
· Чөп чабуу 200 сом - 1 гектарга
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |