Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-февралы №14/7
23.12.2025-жылдагы “Көк-Жар айылынын обьектилерине өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө” №13/10 Токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Ормон-Хан айылдык Кенешинин 23.12.2025-жылдагы “Көк-Жар айылынын обьектилерине өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө» №13/10 Токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кенештин 23.12.2025-жылдагы “Көк-Жар айылынын обьектилерине өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө» №13/10 Токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1.«Көк-Жар айылындагы көчөлөрдү күн аркылуу жарыктандыруу орнотуу жана Т.Усубалиев атындагы орто мектептин тегерегин жанылап тосуу жана алдына брусчатка төшөө боюнча Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна даярдалган жалпы наркы 9 961 912 миң сомдук долбоор бекитилсин”
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Р. Жолдошбеков |