Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-августу № 9/3
Кум-Дөбө айыл аймагындагы калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу жөнүндө
Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жана ”2024-жылдын 6-декабрындагы, “Тынчтык жөнүндө” жарлыгынын талаптарын ылайык Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши,токтом кылат:
1.Кум-Дөбө айыл аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген иш аракеттерге чектөөлөр белгиленсин.
2.Кум-Дөбө айыл аймагында салтанаттуу иш чаралар, тойлор, мааракелер жана жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген денгээлдеринен ашууга жол берилбесин:
- жумуш күндөрү-саат 22.00дөн 07.00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү –саат 22.00дон 09.00гө чейин.
3.Ушул токтомдун ченемдерин аткарбоо Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келээри айыл тургундарына эскертилсин.
4. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтү М.Исраилов өз милдетине алсын.
Төрага | К.Ыбышов |