Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-февралы №14/8
Кочкор айылынын Стадион участкасынан жер аянтын трансформация кылууга макулдук берүү жөнүндө
Кочкор айылына гемодиализ кылган медициналык мекеме куруу үчүн Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор айылынын Стадион участкасынан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 0,80 га жер аянтын трансформация кылууга макулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылына гемодиализ кылган медициналык мекеме куруу үчүн Кочкор айылынын Ормон-Хан паркынын батыш тарабынан Стадион участкасынан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 0,80 га жер аянтын трансформация кылууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |