ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 6 (кезексиз) сессиясы
2021-жылдын 27 декабры № 37
Бюджеттин жана атайын эсептин планын тактоо жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы Ж.Б. Карымшакованын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин планын тактоого жана пландын аткарылышына байланыштуу 2021-жылдын 4-кварталына бюджеттин киреше бөлүгүн «Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер” 14511100 классификацияга ылайык салыктын түрү боюнча 84,3 миң сомго көбөйтүү, ошого жараша чыгаша бөлүгүн 84,3 миң сомго көбөйтүү, ошондой эле атайын эсептин планы аткарылбагындыгына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин планын тактоого 2021-жылдын 4-кварталына киреше бөлүгүн “Акылуу кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр” 14232400 классификацияга ылайык салыктын түрү боюнча 400,0 миң сомго азайтуу, ошого жараша чыгаша бөлүгүн 400,0 миң сомго азайтуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 4-кварталында бюджеттик эсеп боюнча 84,3 миң сом өлчөмүндө кирешелер жана чыгашалар төмөндөгү бөлүмдөрдө көбөйтүлсүн:
Бөлүм 70629 Турак-жай-коммуналдык чарба берене 2215 “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” + 64,3 миң сом;
Бөлүм 70911 Бала бакча берене 2215 “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” + 20,0 миң сом;
2. 2021-жылдын 4-кварталында атайын эсеп боюнча 400,0 миң сом өлчөмүндө кирешелер жана чыгашалар төмөндөгү бөлүмдөрдө азайтылсын:
Бөлүм 707911 Бала бакча берене 2218 “Тамак-аш азыктарын алуу” + 400,0 миң сом;
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |