КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 29-августу № 9/4
Кум-Дөбө айыл аймагындагы мектептерге генаратор алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун Кочкор өнүктүрүү фонддунун эсебинен долбоорлорго өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Өздүк салым үчүн 50 000 (элүү миң ) сом 2025-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
2. Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бухгалтери Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы КумДөбө айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.