Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-декабрь № 11/1
Кум-Дөбө айыл аймагындагы Кум-Дөбө айылында жайгашкан 35/10 кВ көмөк чордонуна ат коюу боюнча жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-Мыйзамынын 34-беренесин ылайык, Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кочкор райондук электр тармактар ишканасынын жалпы жамаатынын чогулушунун 27-сентябрь 2025-жылдагы №7 протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кум-Дөбө айылында жайгашкан 35/10 кВ көмөк чордонуна Шаршенбаев Жаныбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоМандат,депутаттык иш. Этика. Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо,адамдардын укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Ыбышов |