Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-декабрь № 11/2
Kум-Дөбө айыл аймагында «Кум-Дөбө-Бирикме» муниципалдык ишканасынын дан чабуучу комбайндарынын жана эксковаторлорунун акыларын бекитүү жөнүндө
Kум-Дөбө айыл аймагында муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнчa маалымaттын ачыктыгын жaнa жалпыга жеткиликтүүлүгүн артыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн caпaтын жaкшыртyy мaкcaтында Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, муниципалдык ишкананын башчысы Б.Абдырасаковдун сунушун угуп, талкуулап Кум-Дөбө aйыл аймaгынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жүгөрү чабуучу комбайнга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн 1 га жерге 9000 сом майы ичинде, сырткары айыл өкмөттөргө 1га жерге 12 000 сом май ичинде.
2. Дан чабуучу комбайнга 1 га жерге 4000 сом майы ичинде
3. Эксковатор тракторунун жумуштарына:
-Камаз авто машинасына жүктөгөнгө 700 сом май ичинде
-Газ-53 авто машинасына жүктөгөнгө 500 сом май ичинде
4. Эксковатор менен суу киргизүүгө 1 метрге 250 сом май ичинде
-Туалет казууга 1500 сом май ичинде
- Слив казуга 1500 сом май ичинде
- Погреб казууга: туурасы 4метр узуну 10 метрге 7000 сом майы ичинде
5. Таза сууну көп пайдаланган,мончо жагып калкты тейлегендер жана мал семиртип багып, ишкердик кылгандардын үйлөрүнө таза сууну эсептөөчү счетчик менен берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага | К.Ыбышов |