Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН I КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 26-февралы № 1/3
Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу Кара-Суу айыл аймагынын Калинин айылына милициянын аймактык бөлүмчөсүн салууга жер аянтын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүк 5-пунктуна ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагынын Калинин айылынын муниципалдык жеринен 4-02-06-1001-0599 кодунун ичинен милициянын аймактык бөлүмчөсүн салууга 1000 чарчы метр (0,10 га ) жер аянтына макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы жана тиешелуүү иш кагаздары менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Жакыпакун уулу К. |