ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 5 (кезектүү) сессиясы
2021-жылдын 26 ноябры № 34
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становдун Жангарач айылындагы Жыламыш көчөсүндөгү №22 үйдө каттоодо турган 1978 жылы туулган 1 группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адам Ильпеков Амантур Джумабековичке турак жай имаратынын курулушун аяктоо үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жангарач айылындагы Жыламыш көчөсүндөгү №22 үйдө каттоодо турган 1978 жылы туулган 1 группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адам Ильпеков Амантур Джумабековичке турак жай имаратынын курулушун аяктоо үчүн материалдык жардам көрсөтүү үчүн Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30 000 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |