ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 5 (кезектүү) сессиясы
2021-жылдын 26 ноябры № 32
Бюджеттик планды тактоо жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы Ж.Б. Карымшакованын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин планын тактоого жана пландын аткарылышына байланыштуу 2021-жылдын 4-кварталына кирешени «Салык агенти төлөөчү киреше салыгы” 11111100 классификацияга ылайык 400,0 миң сомго көбөйтүү, ошого жараша бюджеттик эсеп боюнча чыгаша бөлүгү 400,0 миң сомго көбөйтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 4-кварталында бюджеттик эсеп боюнча 400,0 миң сом өлчөмүндө кирешелер жана чыгашалар төмөндөгү бөлүмдөрдө көбөйтүлсүн:
Бөлүм 70111 Аппарат берене 2215 “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” + 150,0 миң сом;
Бөлүм 70721 ФАП берене 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” + 40,0 миң сом;
Бөлүм 70721 ФАП берене 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” + 20,0 миң сом;
Бөлүм 70813 Спорт берене 3111 “Имараттар жана курулуштар” +50,0 миң сом;
Бөлүм 70862 Дин жана маданият бөлүмү берене 2215 “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” + 25,0 миң сом;
Бөлүм 70911 Бала бакча берене 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” + 25,0 миң сом;
Бөлүм 70921 Орто мектеп берене 2215 “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” + 40,0 миң сом;
Бөлүм 70921 Орто мектеп берене3111 “Имараттар жана курулуштар” +50,0 миң сом;
2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |