ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 5 (кезектүү) сессиясы
2021-жылдын 26 ноябры № 30
Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становдун Абдыкулов Бек Жашасыновичке таандык Романовка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү №63 дарегинде жайгашкан аянты 1523,0 кв.м. турак-жай курулушундагы жер участогунун максаттуу багытын соода объектилерин куруу үчүн жер участогуна өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абдыкулов Бек Жашасыновичке таандык Романовка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү №63 дарегинде жайгашкан аянты 1523,0 кв.м. турак-жай курулушундагы жер участогунун максаттуу багытын соода объектилерин куруу үчүн жер участогуна өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Абдыкулов Бек Жашасынович документтерин Сокулук райондук шаар курулушу, архитектура башкармалыгында жана КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалында кайрадан каттоого милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |