Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-февралы № 107/18-6
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен 99 678,6 миӊ сом суммасындагы акча каражаттарын максатту багыттоого Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жɵнүндɵ
2026-жылдын 1-январына карата эркин калдыктарынын эсебинен калган акча каражаттарын натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу максатында, ошондой эле Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 4-февралындагы кириш №01‑07/11 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 4,5,6‑февралындагы отурумдарынын №26 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2026-жылдын 1-январына карата жалпы суммасы 99 678,6 миң сом өлчөмүндө эркин калдыктарынын бар экендиги жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Тиркемеге ылайык иш-чараларды каржылоого эркин калдыктарын максаттуу багыттоого Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын начальниги (М.Т.Эсеналиев) эркин калдык каражаттарын максаттуу багыты боюнча так бөлүштүрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага М.Т.Тынайбеков