Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-февралы № 108/18-6
2025-жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин
аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө берилген материалдарын карап чыгып, шаардык кеӊеш жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бɵлүгү бекитилген планы боюнча алынган расмий трансферттерди жана ошондой эле салыктык администрациялоого жаткан ишканалардын кирешелери (ЖЧК “Интергласс”) жана атайын каражаттарды эсепке алганда 2025-жылдын 12 айында 97,3% аткарылган, (такталган план 1 307 139,1 миӊ сом болсо, иш жүзүндɵ 1 272 459,9 миӊ сом) же 34 679,2 миӊ сом азырак түшкөнүн белгилейт (өздөштүрүлбөй калган максаттуу трансферттердин эсебинен аткарылбай калуу: такталган план 859 242,8миӊ сом болсо, иш жүзүндɵ 818 093,7 миӊ сом) же -41 149,1 миӊ сом өздөштүрүлбөй калган).
Анын ичинде:
-бюджеттик каражаттар боюнча аткаруу 97,3%ды түзүп (такталган план 1 262 665,1 миӊ сом, иш жүзүндө 1 229 177,2 миӊ сом) же пландан азыраак 33 487,9 миӊ сом түшкөн (пайдаланбаган максаттуу гранттардын эсебинен аткарылбай калуу: такталган план 859 242,8 миӊ сом болсо, иш жүзүндɵ 818 093,7 миӊ сом) же 41 149,1 миӊ сом өздөштүрүлбөй калган);
-атайын каражаттар боюнча 97,3% (такталган план 44 474,0 миӊ сом, иш жүзүндө 43 282,7 миӊ сом) же 1 191,3 миң сомго азыраак аткарылды.
Жалпы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү чогултулуучу кирешелер алынган расмий трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке албаганда 2025-жылдын ичинде 101,9% аткарылды (такталган план 403 422,3 миң сом, иш жүзүндө 411 083,5 миң сом) же пландан ашыкча 7 661,2 миң сом түшкөн. Өткөн 2024-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда (361 695,0 миң сом) былтыркыга салыштырмалуу 49 388,5 миң сомго көп түшкөн, өсүү темпинин көрсөткүчү 2024-жылдын мезгилине карата 113,7% түзөт.
Анын ичинде:
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү салык кызматы тарабынан чогултулуучу кирешелер 2025-жылдын ичинде 114,2% аткарылды (такталган план 340 347,4 миң сом, иш жүзүндө 343 470,6 миң сом) же пландан ашыкча 3 123,2 миң сом түшкөн. Өткөн 2024-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда (312 899,1 миң сом) былтыркыга салыштырмалуу 30 571,5 миң сомго көп түшкөн, өсүү темпинин көрсөткүчү 2024-жылдын мезгилине карата 109,7% түзөт.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү ММБнын тарабынан чогултулуучу кирешелер 2025-жылдын ичинде 100,2% аткарылды (такталган план 33 810,6 миң сом, иш жүзүндө 33 881,3 миң сом) же пландан ашыкча 70,7 миң сом түшкөн.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү ИСТнын тарабынан чогултулуучу кирешелер 2025-жылдын ичинде 110,4% аткарылды (такталган план 26 803,0 миң сом, иш жүзүндө 29 590,4 миң сом) же пландан ашыкча 2 787,4 миң сом түшкөн.
Жалпы пландуу көрсөткүчтөрү (“Интергласс” ЖЧКны эске алуу менен) төмөнкүдөй салыктык жана салыктык эмес кирешелер боюнча аткарылган жок:
-патенттин негизинде салык 3 602,2 миң сомго;
-турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы 2 233,0 миң сомго;
-калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы 2 429,4 миң сомго;
-муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдулардын жана техникалардын ижара акысы – 74,6 %, же -5223,6миң сомго азырак жыйналды;
-калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым 455,4 миң сомго;
-алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этил спирттин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым 310,0 миң сомго;
-акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр 1 191,3 миң сомго.
2025-жылдын 12-айдын ичинде республикалык бюджеттен расмий трансферттер 859 242,8 миң. сом алынды, анын ичинде:
-“Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин субсидия боюнча карызын төлөөгө – 541 528,0 миң сом;
-Токмок шаарын өнүктүрүү үчүн (ММБ Токмок шаары) – 298 641,5 миң сом;
-Токмок шаары боюнча жер салыгын жоготуу – 343,6 мин сом;
-Токмок шаары боюнча транспорттук салыгын жоготуу – 17 088,8 мин сом;
-коопсуз шаар – 36,7 миң сом;
-техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысын жогорулатууга – 906,1 миң сом;
-жаңы салынып жаткан бала бакчанын айлык акысы – 698,1 миң сом.
Өздөштүрүлбөй калган максаттуу трансферттердин калдыгы – 41 149,1 миң сом, анын ичинде:
-ММБ Токмок шаары – 40 168,6 миң сом;
-коопсуз шаар – 36,7 миң сом;
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысын жогорулатуу – 245,7 миң сом;
-жаңы салынып жаткан бала бакчанын айлык акысы – 698,1 миң сом.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эсепке алганда 89,9%-га аткарылды, такталган планда 1 340 955,1 миң сом, иш жүзүндө 1 206 149,8 миң сом сарпталган, алардын ичинен:
-атайын каражаттар 96,3%-га аткарылды, же такталган план 44 667,3 миң сом менен, иш жүзүндө 43 028,5 миң сом сарпталган;
-бюджеттик каражаттар 89,7%-га өздөштүрүлдү, же такталган план 1 296 287,8 миң сом менен, иш жүзүндө 1 163 121,3 миң сом сарпталган.
Бюджеттик каражаттар багытталган:
-чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр) – 79 780,6 миң сом же чыгымдардын жалпы көлөмүнүн 6,9% түздү;
-коммуналдык кызматтар боюнча – (суу акысы, электр кубаты, жылуулук акысы, жана байланыш кызмат) жана көмүр алууга – 62 876,8 миң сом же жалпы чыгымдардан 5,4% түздү;
-чыгашалардын башка беренелери боюнча – 1 020 463,9 миң сом же 87,7% (анын ичинде Токмок шаарынын өнүктүрүүсүнө – 258 472,9 миң сом жана “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин субсидиялары боюнча карызды жабууга – 541 528,0 миң сом республикалык бюджеттен түшкөн максаттуу трансферттер).
Жогорудагы айтылгандардын жана Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 4-февралындагы кириш №01‑07/12 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 4,5,6-февралындагы отурумдарынын №26 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78‑беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары 1 272 459,9 миң сом суммасында киреше бөлүгүндө, анын ичинен бюджеттик каражаттар – 1 229 177,2 миң сом, атайын каражаттар – 43 282,7 миң сом №1 тиркемеге ылайык эске алынсын.
2. Шаардын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 2025-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) шаардын бюджеттик уюмдарынын кредитордук карыздарын төлөө боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башчысы тарабынан (Оморов Б.О.):
-салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча ай сайын пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылсын;
-салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыкты кыскартуу үчүн иш күчөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.