Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-февралы № 109/18-6
“Токмок жол-курулуш” муниципалдык ишканасына лизинг аркылуу таш майдалоочу түйүн жана фронталдык жүктөгүч (погрузчик) алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 22-январындагы кириш №01‑07/4 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 4,5,6-февралындагы отурумдарынын №26 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок жол-курулуш” муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз камсыз кылуу, технологиялык процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жумуш көлөмүн көбөйтүү максатында лизинг аркылуу таш майдалоочу түйүн жана фронталдык жүктөгүч (погрузчик) алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага М.Т.Тынайбеков