Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 29 чакырылышынын кезектеги отуруму

 

 

2025-жылдын 14-октябры № 89

 

Долбоордун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бѳлүү жѳнүндѳ

 

«Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы Б.С.Асанкуловдун жана Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок мектебинин мүдүрү В.И. Чылпакбаеванын «Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүү мектебинин айланасын тосуу» долбоору жѳнүндѳгү сѳзүн угуп,талкуулап жана отурумдун протоколунун негизинде,Таш-Мойнок айылдык кенеши

Токтом кылат:

1.«Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүү мектебинин айланасын тосуу» долбоорунун документтерин даярдоо Таш-Мойнок айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.С. Асанкуловго тапшырылсын.

2.Долбоорду биргелешип каржылоого жана ишке ашырууга Таш-Мойнок айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен -571 000 сом акча каражаты бѳлүнсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.

 

 

Таш-Мойнок айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

 

Ташматов С.П.